Menu

Кыздар коомдун күзгүсү

Бөлүшүү:

2011-жылы 11-октябрда Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында Эл аралык кыздардын күнү катары жарыяланган. Бул күн кыздардын укуктарын жана дүйнө жүзундө алардын кабылып жаткан маселелерин таануу максатында белгиленип келет. Борбор калаада да кыздардын күнүнө арналган иш-чаралар болуп өттү. Кыздардын майрамы менен экс-президент Роза Исаковна Отунбаева куттуктады.

– Кыргызстаңдын кыздарын бүгүнкү Эл аралык кыздар күнү майрамы менен куттуктайм. Кыздар – коомдун күзгүсү. Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз. Бүгүнкү учур кыздар тууралуу кайсы коомдо болбосун өзгөчө көңүл бурууну талап кылып турат. Анткени миграция, эрте күйөөгө берүү, зомбулук, мектепте окубай калуу сыяктуу терс жагдайлар кыздарыбыздын жүзүнө көлөкө түшүрүп, алардын толук кандуу калыптанып, бойго жетүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Кыздарыбыз кордук көрбөй, зомбулуктан тыш, жаркын келечекке умтулушу үчүн биз баарыбыз жапатырмак кол кабыш кылууга тийишпиз.

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер

– Биздин өлкөдө кыздар башка Ор-то Азиядагы өлкөлөрдүн кыздарына салыштырмалуу билимдүү. Себеби биздин калктын өзгөчөлүгү – кыз-дарына билим берүүгө умтулушат. Ошондуктан жогорку билимге ээ болгон кыздар басымдуу кылат. Мам-лекеттин бюджети тигүү тармагында кармалып туруп жатат. Ошол тигүү тармагын колго алып, жолго салып койгон биздин кыз-келиндер. Ошон-дуктан коомдогу кыздардын орду өтө жогору.

• 1. Түштүк Судан: дүйнөдөгү жаңы өлкө зомбулук менен согушту башынан кечирди. Көптөгөн мектептер урап калган, көп бүлөлөр үйлөрүн таштап качып кеткен. Дээрлик кыздардын төрттөн үчү ал тургай башталгыч мектепке бара албай калышат.

• 2. Борбордук Африка республикасы: 80 окуучуга бир мугалим.

• 3. Нигер: 15 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндердин 17 пайызынын сабаты жоюлган эмес.

• 4. Ооганстан: көзгө көрүнгөн гендердик теңсиздик – кыздарга караганда балдардын мектепке баруу мүмкүнчүлүгү чоң.

• 5. Чад: Билим алуу үчүн көптөгөн социалдык жана экономикалык тоскоолдуктар бар.

• 6. Мали: башталгыч мектепти 38% пайыз гана кыздар окушат.

• 7. Гвинея: 25 жапгган жогору кыз-келиндердин билим алуу убактысы бир жылдан ашпайт.

• 8. Буркина-Фасо: бир пайыз гана кыздар орто мектепти бүтөт.

• 9. Либерия: башталгыч класстардагы кыздардын үчтөн экиси мектепке барышпайт.

• 10. Эфиопия: беш кыздын экөө 18 жашка чейин турмушка чыгат.

Кыздар тууралуу кызыктар

• Финокумуштуулары 16611 аял менен 6360 эркектерди изилдегенден кийин, уул балдар энелердин өмүрүн кыскартып, кыз балдар тескерисинче, узартаарын аныкташкан. Бирок баланын жынысы анын атасына эч таасир тийгизбейт экен. «Бул эркектер аялдарга караганда урпак өстүрүүгө эне сыяктуу көп күч-кубат жумшабасын көрсөткөн» дешет адистер. Бул кубулушту жаңы көз жарган аялдар организминдеги гармондордун өзгөрүүшү менен түшүңдүрүштү. Ошентсе да, эркек бала төрөгөн аялдардын организми кыз төрөгөндөргө караганда тестостерондун өлчөмү көбүрөөк болгондугун көрсөткөн. Ал эми бул иммундук системага терс таасир берип, өмүрдү кыскарта түшөтэкен.

• Кыздардын 90%ына өзүнүн фигурасы жакпайт. Ар бир кыз кишиге өзүнүн сырткы келбетинин бир бөлүгү жакпайт жана алар эч себепсиз эле ыйлай алат.

• Кыздар сырты кооз болгон дептер, блокнотторду абдан жакшы көрүшөт жана бул буюм керек болбосо деле сатып ала беришет.

• Кыздар агрессивдүү балдарды жактырат, бирок болочок жолдошу катары мээримдүүлөрдү тандайт.

• Кыздын суранычы менен бир техниканы оңдоп коюу менен анын сыйына татыйсыз. Кыздардын дээрлик бардыгы техникадан коркушат.

• Кыздар эркектер үчүн тамак катары саналбаган мюсли, алма-жемиш, сулудан жасалган ботко (каша) менен толук кандуу тоюп, айлап жашай алат.

• Кыздар -30 градус суукта жука кофта кийип алышат. Аларды толук кылып көрсөтө турган калың жемпирди өлүм коркунучу алдында да кийишпейт.

» Бир дагы кыз түн ичинде ойгонуп, бир нерсе жеп алыш үчүн муздаткычка барбайт. Негизи аял заты курсак ачкандан түн ортосунда ойгонуу дегенди түшүнбөйт.

• Бийлей албоо – кыз киши үчүн олуттуу көйгөй.

• Кыздар идиш-аякты эркектерге окшоп тамактанаардан мурда эмес, тамак ичкенден кийин жуушат.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: