6-октябрь күнү болжол менен таңкы саат 07:00 чамасында кафелердин биринде бармен болуп иштеген “Арген” аттуу бала жана эки белгисиз адам коомдук тартипти одоно бузушуп кафенин эшигин, айнегин сындырып залга киришип, ал жердин күзөтчүсү менен официантын ур-токмокко алышып, денелерине залал келтиришип, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук милиция башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин негизинде (бейбаштык) кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук ИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда эки ирет соттолгон Чүй облусунун 51 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка экөө изделүүдө.
Жогорудагы окуя боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ