Бул тууралуу 12-октябрьда швейцариялык Tages-Anzeiger басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримованын Женевадагы үйүн тинтүү учурунда укук коргоочулар 38 миллион франкка бааланган саат, рубинден жасалгаланган шуру жана кызыл бриллианты бар шакек табышкан. Журналисттер жана полиция бул зерегер буюмдар мыйзамсыз жол менен табылган деп шектенүүдө.
2008-жылы Гүлнара Каримова Швейцариянын борбору Женевада Өзбекстандын БУУдагы жана башка бир катар эл аралык уюмдардагы өкүлүнүн кызматына дайындалган, бирок 2013-жылы ал дипломатиялык иммунитетинен ажыратылып, өлкөнүн прокуратурасы тарабынан арам акчаларды адалдоо кылмыштарына шектүү деп табылып, эсебиндеги 800 миллион франк каражаты тоңдурулган.
2015-жылдын 2-августунда Өзбекстан Каримованы коррупцияга шектүү деген айып менен 5 жылга эркинен ажыраткан.
Ал эми быйыл октябрдын башында Каримованын мыйзамсыз активдерин конфискациялоо максаты тууралуу Улуу Британиянын өкмөтү да билдирген.
Булак; KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ