Menu

Санкт-Петербургда кыргыз кызды талашып, тажиктер жана дагестандыктар мушташкан

Бөлүшүү:

11-октябрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында тажикстандыктар жана дагестандыктар арасында массалык мушташ болгон, жыйынтыгында 21 жаштагы дагестандык  мырза каза болуп, анын 45 жаштагы жердеши оор жаракат алган.

Мушташуунун себеби кыргызстандык кыз болуп, ал дагестандык тааныш жигиттеринен тажик мырзаны коркутуп коюну суранган. Кыз ага чейин тажик бала менен сүйлөшүп жүрүп, эми мамилесин токтотууну каалаган, бирок, тажик жигит ага көнбөй, кызды жайына койбой жүргөн.

“Оперативное прикрытие” агенттигинин маалыматына караганда 10го жакын адам мушташууга катышкан.  21 жаштагы дагестандык мырза бычактан алган оор жаракаттан улам окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми 18 жаштагы дагестандык бала да бычактан жаракат алган жана оор абалда ооруканага жеткирилген.

Милиция окуяга шектүү  төрт адамды кармаган, РФ Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” жана “Ден соолукка оор жаракат келтирүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Нурзида Тойгомбаева

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: