Кечээ, 10-сентябрда пакистан тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маектин жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөр боюнча, анын ичинде регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-пакистан кызматташтыгын илгерилетүүнү талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ