Menu

АШАдай апаат экинчи келбесин!

Бөлүшүү:

Жакында электрондук ЖМКларга адам өлтүргөндүгү жана башка бир катар оор кылмыштар боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин “Опен Централ Азия” журналына берген интервьюсу жарыяланды. Күнү 29-август делген менен мазмунуна караганда ал интервью АША “Кой-Таш элдик республикасын” жарыялап, андагы хан сарайына баррикадаларды орнотуп, анын артында снайпердик винтовкачан жашынып жатканда алынгандай. Анткени, коркунучтуу кылмыштар менен айыпталып УКМКнын жер төлөсүнө киргизилген адамга интервью бергенге уруксат кылынуусу күмөн.

Кеп, электрондук айрым ЖМКлардын интервью алынган күндү “29-август” деп көрсөтүшүп, күнүнөн жаңылышкандыгында эмес, маселе анын мазмунунда. Ал интервьюсунда да АША өзүн Кыргызстанды алааматтан сактап калып, өнүгүүнүн даңгыр жолуна чыгарган адам катарында көрсөтүүгө аракеттениптир. Бирок, чындык АША эки жылдан бери жадабай кайталап келаткандан, аталган журналга берген интервьюсунда айткандан таптакыр башкача, жогорудагыдай ойлор анын реалдуулукка ылайык келбеген адекваттуу эмес фантазиясынан жаралгандар экендиги азыр ичтегилерге гана эмес, алыскы сырттагыларга деле белгилүү айныксыз фактылардан экендигин эч ким танбастыгы бышык.

Кыргызстан эки үй-бүлөлүк башкаруудан араң кутулса, АША үчүнчү кландык криминалдык коррупцияланган башкарууну орнотту. Ал башкаруу нигилисттик “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемдикке” негизделген, байыркы Калигуланын, андан кийинки монарх самодурлардын жоруктарын эске салган мурдагыларданда ыймансыз, ашкере ачкөз жана уятсыз режим болгондугун акыркы убактарда ачыкка чыгарылган фактылар ырастоодо. Бир гана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон 100 миллиондон ашык доллар уурдалгандыгы, ЖЭБдин алиге чейин техникалык документациялары жоктугу, кытайлык адистердин жергиликтүү персоналды алиге чейин ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүн башкарууга үйрөтүшпөй жаткандыгы, эгерде бир жери иштен чыгып калса, аны оңдоп-түздөө үчүн кайрадан чоң акчаларга Кытайдан адистерди чакырууга аргасыз боло тургандыгыбыз эле – анда ачык, жабык коррупциялык чоң механизмдер иштегендигин, алардын кесепеттери түздөн-түз күнөөлүүлөрдү түрмөгө отургузгандан кийин да пайда болушу мүмкүн экендигин айтып турат.

Мурда АША суракка келгенден качып жүрүп, адегенде экстремистке, андан кийин террористке айланса, УКМКнын жер төлөсүнө киргизилгенден бери тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бергенден баш тартууда. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, күнөөсүз адам сурак бергенден качпайт, тескерисинче, анын тезирээк болуусун каалап, баарына ачык, так жооп берип, өз башын ар кандай шектүү нерселерден арылтып, тазалап алууну каалап турат. АША хан сарайында жатканда күнөөсүнүн көптүгүнөн суракка келүүдөн качса, эми “жооп берсем да, жооп бербесем да баары бир, акыр аягы былыкчылыктарымдын баарын болбосо да көбүн мойнума коюшат, андан керө кызматташпаганым, үн чыгарбаганым жакшы”- деген ойдо тергөөчүлөргө жооп бербей жатат. Андай тактиканы клиентинин тилинде тормоз жоктугун, ал көбүнчө акылына илингендердин баарын айтып салып, анан ойлонорун жакшы билген адвокаты үйрөтүп жатышы да мүмкүн. Бирок, АША сүйлөбөсө деле ага коюлган күнөөлөр башкалардын көргөтмөлөрү, жыйналган фактылар аркылуу толук далилдене тургандыгынан кенедей да шек санабаса болот. Анткени, АШАнын буйругусуз баш кесер Батукаевди эч ким бошото албастыгы белгилүү болуп турат, ал эми ири долбоорлордун бардыгын өзү жактырып, демилгелегендигин Атамбаев өзү дайыма мактана айтып келген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына түшкөндөн кийин мурдагы “балашкалары”, табакташтары эртели-кеч бардык чындыкты айтып беришинен шек санабасак да болот. Анткени, өзү кургуйга кулап бараткандын артынан эч кимдин кулагысы келбейт.

АША 6 жыл мамлекетти башкарып турган мезгилде 3 жыл экономикабыз артка кетсе, 3 жыл 3,5-5 пайыздан өсүш болуп турду. Анын тушунда сом девальвацияга учурап, 1 долларга карата мурдагы 48-49 сомдон 78 сомго чейин кулап барып, 69-70 сомдун тегерегинде турукташты. Экономика өскөндөй көрүнгөндүн бир себеби ошондо. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр 30-40 пайыз кымбаттап кетсе, ички дүң жыйымдын көлөмү да ошончо өскөндөй болуп көрүнөт. Чындыгында ал мираж, элди алдоо болуп саналат. Ал эми “мен президент болуп турганда 3,5 млрд. долларлык грант алынган”- дегени кудайга сыйбаган калп. Ал оор шарттарда алынган кредиттердин бир бөлүгүн да гранттарга кошуп айтып жатат. Бир мисал. Эгерде Акаевдин тушунда эл аралык финансылык институттардан 20-30 жылдык мөөнөттөрдө 0,75-1 пайыздык үстөктөрү менен кредиттер тартылса, АШАнын тушунда алынган кредиттердин бардыгынын үстөктөрү 2-2,5 пайыздан. Эми 2022-2026-жылдарда аларды төлөө үчүн Кыргызстан жылына 25-33 миллиард сомдон акча жумшай баштайт. Бул сумма билим берүү тармагынын бир жылдык бюджетине барабар. Эгерде үстөктөрү азыраак болсо, автоматтык түрдө үстөктөрү 6-7 млрд. сомго аз болмок.

Интервьюсунда АША: “2020-жылы парламент толугу менен олигархтардын чеңгелинде калат”- дептир. 2010,2016-жылдарда Баш мыйзамды өзгөртүп, ал системаны түзгөн ким? Албетте, өзү. Биздин баамыбызда 2020-жылдын парламенти 2015-жылы АШАнын убагында куралган парламенттей эле болот. Жакшырбайт, начарлабайт, ошол бойдон калат.

Деги Алмаз Атамбаев деген ким? Ал эмнеси менен элдин эсинде калды? Ал президент болуп турган алты жылдын ичинде эмнелерди аткарды?

Эгерде биринчи президент Аскар Акаев адамдарга өтө илбериңки мамиле жасаган кичипейилдиги, интеллектуалдуулугу, сылык-сыпаалыгы, анан чычканга кебек алдырбаган куулугу, сактыгы менен айырмаланса, жакындан билгендер Курманбек Бакиевдин ден-соолугунун бордолгон буканыкындай күчтүүлүгүн, ал канча ичсе, жесе да былк этпей туруп кетээрин, чарчоо дегенди билбесин, узун чачтууларга айрыкча жакындыгын айтышчу. Эмне дебейли, ал өнөр жайын, экономиканы жакшы билчү. Бирок үй-бүлөсүнүн жетегинен чыга албай, алардын барымтасында калып, жыйынтыгында качып кутулду. Үчүнчү президент Роза Отунбаева бир жылдык миссиясын революциянын, июнь окуяларынын кесепеттери менен алышууга жумшады. Аларга салыштырганда Алмаз Атамбаев Кыргызстандын жаңы тарыхындагы психикалык жагы мандемдүү, физикалык жактан эң мажирөө, мактанчаактыгы, жалганчылыгы жагынан эч кимди алдына салбаган президент болду. Ал кандай костюм кийбесин ийиндери шалпайып, өңүрлөрү далбайып, пальтосу бирөөнүн ийнинен жулуп алгандай шөлбүрөп, калпагынын эки жагы атасыныкын кийген баланыкынан бетер кулактарына тийип турчу. Мурдагы экстерге салыштырганда алты жылдын ичинде тез эле чачтары агарып, мойнун бырыш басып картая түштү, ага караганда качкын президенттер тың жүрүшөт. Аны өзү: “Бок саясатчылар 7 жылдан бери канымды ичип, нервимди жеп келатышат”, “У нас столько дерьма среди политиков и журналистов, и это плохо для страны”- деп түшүндүрүп, апасы менен агасынын өлгөндүгүн да аларга шылтаганы менен физикалык, психикалык мажирөөлүк анын канында болсо керек, анткени адамдагы сапаттардын 70 пайыздан ашыгы кан кууп тургандыгын же генине, ал эми калгандары социалдык шарттарга жараша боло тургандыгын окумуштуулар алда качан эле далилдешкен. Мажирөөлүгүнө кошо иштегенинен расмий жана расмий эмес эс алганы көп, жок дегенде бир айда бир күн кечке чейин кызматтык ордунда чыдап отура албаган жалакай жалкоолугу, оорукчандыгы, бирөөлөргө тийишкиси келип турган дайыма шайтаны ойногон көгүш көздөрү менен эсте калды. Сыртынан кыл моюндай көрүнгөн менен, өзүнүкүн гана туура деген аябагандай кежир, тили тикенектүү гана эмес, ажаан аялдыкындай заарлуу, анын үстүнө оозунда кепили да жок экен, атаандаштарына ар кандай аттарды коё берип, лексикабызды жаргондор менен жетишерлик эле байытты.

Ал Ак үйдөгү кызматтык ордуна жумасына бир-эки жолу келээрин, калган учурларда мамлекеттик резиденцияда эле отура берерин өзү да жашырчу эмес. Алты жылдын ичинде эле 20дан ашык ар кандай мөөнөттөрдө расмий эмгектик өргүүлөргө чыкты, ал эми расмий эместеринин эсеби да жок. Болгон физикалык, моралдык абалы ошол болсо, ал чоң саясатка аралашып эмне кылат, президенттикте ага эмне бар, үйүндө эле кудай деп гитарасын чертип, сүйгөн тамагын ичип, саясый атандаштарынын сөөктөрүнө эмес, чучуктарына жетерлик кычык сөздөрдү жылжытып коюп отура бербейби. Анын негизги стихиясы, колунан келгени ошо экен, ал эми мамлекетти жетектөө аябагандай чоң күчтү, эркти, убактыны, анан жетишерлик даярдыкты талап кылат. АШАда алардын бири да жок болчу. АШАны бир эле нерсе камчылап, мамлекет башына алып келген, ал Кыргызстандын президенти деген атка жетсем деген гана күчтүү эңсөө, аракет болчу. Аны ошол комплекс гана жанына тынчтык бербей отуруп бийлик башына алып келди. Ага ошол мезгилдеги коррупциялашкан саясый система эң ыңгайлуу шарт түздү. Аны жакындан билгендер А.Атамбаевдин акчасы көп болгондугу, ал митингдерди, революцияларды каржылагандыгы үчүн эле мамлекет башчылыгына келип калгандыгын айтышат, ал чындык. Курманбек Бакиевдин да акчасы көп болгондугу үчүн оппозициялык кыймылдын төрагалыгына шайланып, анан кокустан президент болуп калгандыгы да ырас. Же биздин жаңы тарыхыбызда саясат, бийлик, башкаруу, революция, электорат, добуш берүү, алардын жыйынтыгы дегендер формалдуу түшүнүктөргө айланган, алардын баарын кыймылга келтирип, бир жыйынтыкка жеткирүүчү күч-акча гана болуп калган. “Временшиктер” ич ара соодалашып туруп, ага мамлекет башчылыгын дүңүнөн алты жылга сатып жиберишкен. Кызматты сатып алган адам, албетте, кандай кооз сөздөрдү сүйлөп, эмнелерди жарнамалабасын, колуна бийлик тийгенде биринчи кезекте ага кеткен чыгымдын ордун ашыгы менен толтурууга, дивиденддерди алууга ашыгат, ал президент болуп шайланып, амбициясын канааттандыргандан кийин бир жылга жетпей эле андан жадап, кызматтан кетип, өлкөнү көмүскөдө отуруп алып четтен башкарууну көздөдү эле, бактыга жараша анысы ишке ашпады. Алын долбоору ишке ашса, АШАнын “сасыган кашасынан” башыбыз чыкмак эмес.

Сооронбай Жээнбеков: “Алмазбек, бир убакта дос элең, бирок Кыргызстан сендең кымбат”- деген жолду тандагандан кийин көмүскөдө жатып алып, өлкөнү 2040-жылга чейин көзөмөлдөөнү болжогон экс-президент А.Атамбаевдин таасири чектелсе, Кой-Таштагы кандуу окуялардан кийин саясый доору биротоло бүттү. Эми анын калптары, ар кимдерди мазактап, маскаралаган куйкумдуу сөздөрүнүн төрт дубалдан башкаларга жетиши эң эле кыйын. Ал үчүн тообо кылып, кудайга миң мертебе ыракмат айтып, экинчи АШАдай апаат Кыргызстанга келбесин деп тилешибиз керек.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: