Menu

БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, мандаттарды башкаларга берүү тууралуу токтом кабыл алды

Бөлүшүү:

БШК Ак-Талаа, Ош жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды.  Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү маалымдады.

Ошентип:

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл округунан  Н.Соодонбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү У.Кадыровго өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айыл округунан  Э.Сатаров өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Ак-Талаа байланыш бөлүмүнүн башчысы Ж. Шабдалиевага өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айыл округунан Д.Ысмамбетова мамлекеттик кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Ак-Тал селосундагы  А.Турдакунов атындагы орто мектептин мугалими А.Макеевага өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл округунан  А.Курманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты убактылуу иштебеген К.Жолдошевге өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл округунан Н.Жапаркулов өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты Байгөнчөк селосундагы Т.Оторов атындагы орто мектептин мугалими Г.Мамытовага өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл округунан Ы.Эсенгулов өз арызы менен  ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Т.Момбековго өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл округунан Ө.Бозалиев айыл өткмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү М.Шадыкановго өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл округунан С.Мыктыбеков айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, ыйгарым укугун токтотту,  анын мандаты Терек селосундагы К.Молдобасанов атындагы орто мектептин мугалими А.Боталиевге өткөрүлүп берилди;

-Ош облусунун  Ош шаардык  округунан  М.Орумбаев өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту,  анын мандаты “Ага-Курулуш” ЖЧКнын директору Ч.Аматовго өткөрүлүп берилди;

-Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Балыкчы шаар округунан А.Таабалдиев өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, анын мандаты жеке ишкер А. Тыналиевге өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: