Menu

Октябрдын жыйынтыгы: Кыргызстандын экономикасы жайлагандан жайлап барат

Бөлүшүү:

Үч айдан бери Кыргызстандын Ички дүң продукту (ИДП) акырын жылып, өтө жайлап келет. Эскперттердин айткандары орундала баштады: алтын казуу төмөндөп жатат, аны арты менен экономикалык көрсөткүчтөр да төмөндөдү. Мындай абал 2019-жылдын аягына чейин уланат.

Өксүгөн экономика өсүшү

Быйылкы жылы Ички дүң продукт жакшы эле темп менен келе жаткан. Бирок эксперттер кол чапкан эмес. Алар төмөнкү базанын таасирин казык сайып көрсөтүп турушкан. 2018-жылы дагы алтын казып алуу көлөмү төмөн болуп, ички дүң продукт чоң болгон эмес. Бирок 2018-жылдын үчүнчү кварталында Кумтөр алтын көп казып, ИДП дароо көтөрүлө түшкөн.

Быйыл да алтын казуу көлөмү көбөйүп, экономиканын абалы көбөйө түшкөн. Бирок дүйнөлүк финансылык институттардын божомолунда мындай темп жыл аягына чейин жетпей калышын каңкуулаган. Муну акыркы үч ай далилдеп койду. Өсүш жыл башындагыдай эле.

2019-жылдын октябрында ИДПнын өсүшү сентябрга караганда 0,4 пайызга жайлап калды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылдын январь-октябрь аралыгында Кыргызстандын ИДПсы 454 млрд 887,7 млн сомго жеткен. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 5,7 пайызга көптүк кылат.

ИДПнын өсүшү өнөр жай, курулуш, айыл-чарба жана тейлөө тармактарынын негизинен камсыз болгон. Товар өндүрүү 2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу 9 пайызды, тейлөө тармагы – 2,8 пайызды түзгөн.

Эгерде ИДПнын көрсөткүчтөрүндө алтынды эсепке албасак, анын көрүнүш таптакыр башкача. Октябрга карата болгону 0,1 пайыз өсүш бар.

2019-жылдын январь-октябрь аралыгы боюнча ИДПда Кумтөрдүн ишин эсепке албаганда – 406 млрд 12,6 млн сомду түзөт. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 3,3 пайызды гана берет.

ИДП түзүмүндө эң көп үлүш тейлөө тармагына туура келет – 44,1 пайыз.

2018-жылга салыштырмалуу тейлөөнүн үлүшү 1,6 пайызга төмөндөгөн. Ал эми товар өндүрүү тармагы 2,6 пайыздан 41,7 пайызга чейин көбөйгөн.

Өнөр жай ИДПнын 20,3 пайызын түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2,2 пайызга көп болгон. Курулуш ИДПнын 7,9 пайызын ээлейт, былтыркыга салыштырмалуу араң эле 0,4 пайыз өсүш бар.

Металл менен текстиль өндүрүп келебиз

Өнөр жай өндүрүшүндө кен пайдалануунун арты менен өсүш кыйла жогору, бирок алтынды эсепке албасак, көрсөткүчтөр кыйла түшүп кетет.

2019-жылдын тогуз айында Кыргызстан 223 млрд 575,1 млн сомго өнөр жай продукциясын чыгарган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 14 пайызга көп.

Октябрда сентябрга салыштырмалуу өнөр жайдын өсүшү 2,5 пайызга жайлап калган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү негизинен металл өндүрүүнүн (31,7 %), металл кенин казуунун (21,6), текстиль өндүрүшүнүн (20,2%), кийим-кече тигүүнүн (20,2), чийки мунайзат менен жаратылыш газын (13,7%) жана көмүр (8,3%) казуунун эсебинен көбөйгөн.

Мунайзат өндүрүү (47,2 %га), чоймо жана желим буюмдарды чыгаруу (6,1 %га), дары-дармек (5,2%га) төмөндөгөн.

Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү 118 млрд 201 млн сомду түзүп, 0,8 пайызга төмөндөгөн. Былтыркыга салыштырмалуу төмөндөө 0.7 пайызды түзөт.

Сарымсак кымбаттап, күйүүчү май арзандаган

Жыл башынан бери Кыргызстанда баалар 1,2 пайызга көтөрүлдү. Азык-түлүк менен спиртсиз суусундуктар 2,2 пайызга, ичимдиктер менен тамеки – 3,2 пайызга, тейлөө баалары – 0.5 пайызга кымбаттаган.

Азык-түлүк эмес товарлар 0.5 пайызга арзандаган.

Баалардын өсүшү бүтүндөй республика боюнча байкалган. Эң көп кымбаттоолор (3,7%) Баткен облусунда болгон, анда азык-түлүк менен спиртсиз суусундуктар (6,4%га), ичимдиктер менен тамеки (3%га) кымбаттаган. Азык-түлүк эмес товарлардын жогорку баасы Ысык-Көл облусунда (1,6%), тейлөө баалары Нарын облусунда (2,8%) байкалган.

Эмгек акы курулушта өсүүдө

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда орточо айлык акы 16 миң 411 сомду түзгөн.

Негизи эле эмгек акылар экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ишканалар менен мекемелерде жогорулаган, бирок буга дүңүнөн жана дааналап сатуу, авто-мото оңдоп-түздөө, маалымат жана байланыш, транспорт жана жүк сактоо тармактары кирбейт.

Орточо айлык акынын көбөйүшү – негизинен курулушта (11%), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө (10,8%) мейманкана жана ресторан иштетүүдө (10,2%), пайдалуу кен казууда (9%), суу менен камсыз кылуу, тазалоо иштери, саркындыларды кайра иштетүү жана экинчи сырье алуу тармактарында (7,9%), кыймылсыз мүлк операцияларында (6,5%) байкалды.

2019-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда тиричилик кылуунун эң төмөнкү минимум – 4 миң 839,05 сомду, пенсионерлер үчүн – 4 миң 318,96 сомду түзөт.

Кыргызстан кимдер менен соода-сатык жүргүзөт?

2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тышкы соода айлануусу 5 млрд 8,7 млн долларды түзгөн, бул былтыркыга салыштырмалуу 2,8 пайызга аздык кылат. Экспорт – 1 млрд 356,5 млн доллар (өсүш – 11,7%), импорт – 3 млрд 652,2 млн доллар (7,3%га төмөндөгөн).

Кыргызстан бардыгынан көп ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-сатык кылат – 1 млрд 960,1 млн доллар (2,9 пайызга түшкөн).

Эксперттер кыргыз экономикасы мындан дагы жайлай башташын жоромолдоп жатышат

“Кыргызстандын экономикалык активдүүлүгүнүн жайлап калышы Кумтөр кенин өндүрүү кыскарганына байланыштуу. Аны эсепке албаганда 2019-жылдын тогуз айында айыл-чарба өндүрүшү өсүп, курулушта оң динамика байкалганы менен ИДПнын өсүшү 3,3 пайызды гана түзгөн”, -дейт Евразиялык өнүктүрүү банкынын экномикалык анализ бөлүмүнүн башкы адиси Анатолий Харитончик.

Анын айтымында, 2019-жылдын калган айларында Кумөр кенин казуу көлөмү дагы төмөндөп, экономикалык жылыш байкалбайт.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 4 пайыз деңгээлде эле калат.

Белгилей кетсек, буга окшош божомолдорду Европанын реконструкция жана өнүгүү банкынын экномисттери да айтышууда. Жакында чыгарган анализинде алар Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2019-жылы 4,3 пайызды гана түзөөрүн келтиришкен.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: