Menu

Тил көйгөйүнө Тиллаевдей күйсөңөр кана, депутаттар!

Бөлүшүү:

Биз Кыргызстан деген мамлекетте жашайбыз жана аталган мамлекеттин титулдук улутун Кыргыздар түзөт. Ал эми Кыргыз тилинин мамлекеттик макамы бар. Тиешелүү мыйзамларла баарлык жерле расмий тил менен бирге мамлекетгик тил да катарлаш колдонулуусу керектиги жазылган. Бирок, бул эмнегедир аткарылбай келет. Андыктан мындайга кайдыгер карабагандардын да катары калыңдап барат. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 10-октябрдагы жыйында «Аймактагы жарандарыбыз мамлекеттик сатып алуулар порталында кыргыз тили жок оолгону үчүн толук колдоно албай жатат. Порталга кыргыз тилин кошуу кыйын болуп жатабы?» деген суроону мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысынан сурады. «Учурла порталыбыз расмий тилинде. Азыр порталды кайра иштеп чыгуудабыз.  Жакынкы арада кыргыз тилине которуп чыгууга аракет кылабыз. Бул биз үчүн кыйынчылык жараткан жок», – деп кутулду департамент башчысы. Жакында бул порталга кыргыз тилинин киришине ишенгенибиз деле жок. Себеби, бул аракет ишке ашпайт, жасай тургандар азыркыга чейин жасап коймок да. Бирок, кыргыз тилинин абалына кайдыгер карабастан маселе көтөргөн депутат Тиллаевге ыраазы болдук. Ар бир эл өкүлү кыргыз тилине Тиллаевдей мамиле кылса кана…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: