Menu

Олжобай Шакир, журналист: “Жээнбеков желин чыгарган режим”

Бөлүшүү:

Тарых баарына өз баасын берери – турган иш. Ал качпайт. Тек, учурга кимибиз кандай баа беребиз – бирибизден бирибиз өөн издебейли. Президент Сооронбай Жээнбеков албетте, Михаил Саакашвили же Владимир Зеленский, Никол Пашинян сыяктуу жаңы генерация муунундагы саясый жол башчы эмес. Ал киши тоталитардык режимдин тарбиясын көрүп өскөн муундун саясый кадры. Ошентсе да…

Кээде тилектеш, санаалаш достор чогулсак, биз да Кыргыз бийлигин Саакашвили же Пашинян, Зеленский сыяктуу демократиянын маани-маңызын, баркын, баасын терең түшүнгөн адам башкарса кана, аттиң… деп кыялга батабыз. Ар кимибиз өз пикир, өз анализибизди ортого салып келебиз.

Ушул өңүттөн көп жолу ой толготтум да, шүгүр дедим. Адегенде муну элестеттим: агер Сооронбай Жээнбеков 2015-жылкы президенттик шайлоодо жамы журтка берген убадасына туруп; чындап эле Алмазбек Атамбаевдин жолун улаган саясат жүргүзсө бүгүн эмне болмокпуз? Кокус Атамбаевдин бийликти көшөгө артында башкаруу планын ишке ашырууга жол берген болсо, анын зулум бийлигине кайсы ишенген оппозиция, кайсы жарандык коом, кайсы бейөкмөт уюмдардын каруусу жетмек?

Атпай-журттун арка-бел тутаар ишенимдүү саясый топтору бар беле? Бүтүндөй күч түзүмү, Генералдык прокуратура, парламенттин басымдуу бөлүгү, соттор – Президенттик аппаратты башкарган бир ууч топтун ишараты менен авторитаризмди орното турган кырдаалга келип калдык эле го!

АШАнын шоопуру, жансакчылары башыбызды да, бөркүбүздү да ала турган болуп, адилетсиз соттордун чечими менен жалган жалаа, көз көрүнөө адилетсиздикти орноткон режим орноп калганы баарыбызга дайын. Бир жарым жыл мурда эле бийликке каш кагып каяша айткандар абакка четинен камалып, эбегейсиз суммадагы айыппулдар мойнуна илинген журналисттер, жарандык активисттердин тагдыры кыл учунда турганын унутпайлы. Өткөнгө кайрылып отурбайлы. Ал – көп сөз.

Учурга келсек, С.Жээнбековдун күтүүсүз саясый рокировкасы – демократиялык баалуулуктарды коргоп калууга; Кыргызстандын саясый тарыхын терс жолго эмес, оң жолго буруп кетер ыңгай-мүмкүнчүлүктү түзүп берди коомго. Албетте, учурдагы Кыргыз бийлигинин саясый кадамдары кашаңдык, кечеңдин менен уланууда, бирок эң башкысы – демократиялык багыттагы жол-жүлгөбүздөн адашпай турган кепилдикти орноткону үчүн калыстыктыктан качпай, Сооронбай Шариповичтин саясый эркине да өз баабызды берүүгө тийишпиз.

Эгерде С.Жээнбеков А.Атамбаевдин “ишенимин” актабаганы үчүн ага “саткын” деген жарлык таккандардын логикасын ээрчисек, демек, Жээнбеков мурунку ажонун мураскору катары зулум бийликти орнотуу жолун улантышы керек беле?! Дегеле эл тагдыры, мамлекет келечеги үчүн жеке достукту садагага чапкан саясый эркти саткынчылык түшүнүктө кабыл алууга болобу, жокпу?..

Албетте, Жээнбековдун эки жылдай мөөнөтү – Кыргызстанды кайрадан опурталдуу жолго салып койгон Атамбаевдин режимин түп-тамырынан кыйратууга короду. Буга чоң саясый эрк керек эле, муну коомчулукта күткөндөр да, күтпөгөндөр да болгон. Бактыбызга жараша, жаңы ажо бир ууч саясый топтун кызыкчылыгын жалпы мамлекеттик кызыкчылык үчүн садагага чабууну эп көрдү. Бул кадамы ага албетте, чоң саясый упай алып келди. Ал эми Атамбаевдин таламын талашкан топтор анын бул өрнөгүн саткынчылык катары баалаганы – бул турган иш болчу.

Агер С.Жээнбеков мурдунан алысты көрбөгөн саясатчы болгондо, анын саясый тагдыры кыйчалыштап, президенттик мөөнөтү аягына жетип-жетпес опурталдуу кырдаалга кептелип калуусу толук ыктымал эле. Себеби А.Атамбаев түптөп кеткен режим тарсайып үйлөнгөн шарга окшоп, коомдогу чыңалууларды дагы күчөтмөк. Аныгында, АША анын мойнуна саясый каамыт кийгизип кеткендиги туурасында мындан эки жыл мурда мамындай ой толготкон элек>>>>>>

Образдуу аятканда, Атамбаев курган саясый режим улам тарсайып үйлөнө берип, анын желин чыгарууга жарамдуу оппозиция да жок болуп турган кезде, анын желин акырындык менен чыгаруу саясаты Жээнбековдун гана колунан келди. Агер ошол тарсайган желди чыгарууга оппозициялык күчтөр белсенген болсо, ал жол Кыргызстанды үчүнчү жолку төңкөрүшкө кептеп коюусу мүмкүн эле.

Чынында эки жыл мурун мойну каамыттан чыкпаган качырдын тагдырын элестеткен С.Жээнбеков бүгүн Кыргызстанды революциялык эмес, эволюциялык жолдо өнүгө турган жагдайга салып койду. Ушунун өзү биз жогоруда сөз баштагандагы кыялыбыздагы – Михаил Саакашвили же Владимир Зеленский, Никол Пашинян сыяктуу жаңы генерациядагы саясый муунду бийликке алып келер келечекке жол ачкандыр дээр элем…

Учурдагы Кыргыз бийлигинин оош-кыйыш тагдыры, кемчилик, артыкчылыктарын кийинчерек да сөз кылмакчыбыз. Себеби, алдыда чоң саясый окуялар күтүп туру…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: