Menu

Төлөгөн Наралиев, Апрел баатыры: “Бийлик эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт”

Бөлүшүү:

Авторитардык жана тоталитардык бийлик доорунун заманы менен коштоштук дегенибизге алты жылдын жүзү болду. Ооз толтура убадаларга элин тойгузган бийлик мамлекетибизди жарга такап, саясый да, экономикалык да кризиске кептеди. Ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз деп, элди алдоо менен убара. Коррупция менен күрөшүү саясаты суу кечпей калды. Тышкы саясат кош стандарттуу болуп, тең ата сүйлөшө албагандыктан Эл аралык мамилелерде Кыргызстандын аброю төмөндөдү. Дүйнөдө болуп жаткан трагедиялуу окуялар бизде кайталанбаса экен деп, эл сабырдуулукту кармап турган учур.
Демократия мамлекетин курдук, Элдик бийлик орноттук деген менен, баягы эле президенттик- авторитардык же болбосо партиялык-кландык башкаруу системасы доор сүрүп жатат. Парламенттке жаңы киргиздер “олигархтар” келип, элдин кызыкчылыгын уруп ойнобой, жалаң жеке кызыкчылыктары үчүн жан үрөп иштеп жаткан учур. “Ток бала ач бала менен ойнобойт” дегендин далили ушул заман болду. Парламенттин негизги милдети мыйзам чыгаруу экенин унутушуп, ар кимиси өздөрүн пиар кылып, элге кереги жок тыйынга арзыбаган маселелерди көтөрүп чыгышып, коомчулукту алаксытууда. Улуу В.И. Ленин айтмакчы “ордунан жылбаган коом, артка эки кадам кетип” бара жатабыз. Коомдо өз ордун билбегендерибиз толтура, моралдык касиеттерибиз экинчи планда калып, баардык ченемдерди “чөнтөк” чечип калды. Кызматтын тузун татып калып, “кара кресло” ооруусу менен ооругандарыбыз четтен чыгат. Дегеним революцияга аттанып, башын тобокелге салгандардын арасында да жогорку билимдүү, деңгээли жогору инсандар аз эмес. Моралдык укугу бар, азыркы бийликтин келишине зор салым кошкон ушул “баатырлар” деп, эске  албай, элдин пикири менен эсептешпей, кадрдык саясатта алешемдиктер болуп жатканы өкүнүчтүү. Эки революциянын башаты болгон Талас элинде азыр тынчтык өкүм сүрүп турганы жакшы, бирок нааразычылыктар жок эмес.  “Эл үчүн таза иштеп бермекмин, иштеген андай эмес мындай болот” дегендер бар, бирок аттиң “чөнтөк жука” деп, колду шилтеп турушат. Азыркы учурда Талас облусунун губернаторлугуна бир топ мыкчыгерлер аракет кылып, “атыла элек аюнун терисин” бөлө албай жүрүшкөнүн кулагыбыз чалып калды. Ал талапкерлер Акаев жана Бакиев менен иштешкендер,   Айдар жана Максим менен ымала болуп жүргөндөр. Азыркы жогорку даражадагы кызматтарда баардыгы эле Акаев жана Бакиев үчүн иштешкен деп айтуудан алысмын. Ырас өзүнүн  билимин, тажрыйбасын мамлекет үчүн, эл үчүн жумшап, кызмат кылгандар бар, бирок алар саналуу болгону өкүнүчтүү. Эртеби, кечпи жаңы губернатор дайындалаары турган иш, бирок эл менен эсептешпесе, стабилдүүлүк жана  тынчтык болот деп эч ким кепилдик бере албайт.
Төлөгөн  Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: