“Биздин мамлекет ЕАЭБде оюнчуктай болуп, бардыгына макул болуп калды”, -деп 20-декабрда тегерек үстөлдө товар жеткиргендер ассоциациясынын башчысы Гүлнара Өскөнбаева айтып чыкты.
Анын айтымында, бир нерсе болсо эле, өкмөт менен салык кызматы бизнести ЕАЭБ менен коркутуп кирет. Доомат кылсак, биримдиктин талабына шылташат, Кыргызстандын талабын унутуп коюшкан.
“ЕАЭБ – Евразиялык экномикалык биримдик – коллегиалдуу орган. Чечимди консенсус менен кабыл алышат. Бул Кыргызстан кээ бир чечимдерди кабыл албайт дегендик. Айтканыбызга макул болушпаса, ойлонушубуз керекпи же жокпу? Бирок биз бир кадам жасаган жокпуз. Күңкүлдөп тим болобуз, өкмөт бардыгы жакшы дейт, биз макул болуп жатып калабыз”, – деди ишкер айым.
Анын сөзүн ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева колдоду. Ал Кыргызстанда ЕАЭБдин өкүлдөрү бар экенин эскертти. Бирок алар эч нерсе кылбай, өлкө кызыкчылыгына далысын салып жатканын белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ