Дүйшөмбү, 16-январда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир дүйнө -Кыргызстан” жана “Кылым шамы” уюмдары Эркиндиктин жана тилектештиктин форумун өткөрдү. Форумда жарандык активисттер Кыргызстандагы адам эркиндигинин, сөз эркиндигинин абалы тууралу омоктуу ойлорун айтышты.
“Бүгүн Атамбаев аны менен макул болбогондорду эл душманы кылып атап жатат, эгер бирикпесек зөөкүр бийлик бириндетип баарыбызды тебелеп салганы жатат”, – деди жыйында сүйлөгөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
Видео: “Республика”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ