Принцип деген «эмесин» эшекке тебелетип алган саясатчыларыбыздын катары калыңдап баратат. Күн тийген жердин күкүгүнө айлануудан уялбагандарды эстеп олтуруп өзүң уяласың, эй! Эсеби маселен, Сайдулла Нышанов деген депутат бар эмеспи. Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамын бериш керек деп биринчи кыйкырып чыккан киши ушул. Эми эмне унчукпайт, айтып чыккан демилгесин аягына чыгарбайбы… Же Атамбаев бийликте кезинде анын чачпагын көтөрө чуркап, ал кызматтан кеткен соң жүзүн буруп кете берүү Нышановдун адатыбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ