Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 57 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
Бишкек шаарынан – 40 адам,
Ош шаарынан – 7,
Нарын облусунан – 10 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 1170 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ