Ак-Буура суусуна аккан 5 жаштагы кыз өзүнө келбей каза тапты. Кырсык 11-июнда саат 14:15 чамасында болгон. Анда Ишматов көчөсүндө Ак-Буура каналына 5 жаштагы кыз агып кеткени тууралуу ӨКМдин куткаруучуларына билдирүү түшкөн. Алар баргыча жергиликтүү тургундар кызды куткарып, «тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Өткөн жыл аралыгында 100дөн ашык адам сууга чөгүп каза болду. Минтип күн ысып, сезон башталган учурда балдарды сууга жибергенден өтө эле сак болуңуз, окурманым.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ