Menu

КР ИИМдин Москвадагы өкүлү: “Автокырсыктын себепкери Чынгыз Анарбек уулунун диний агымдарга, экстремисттик жана террористттик уюмдарга таптакыр тиешеси жоктугун далилдедик”

Бөлүшүү:

“Москвадагы кечээ, 16-июндагы автокырсыкты ар бир кыргызстандык өкүнүү менен кабыл алды. Жол кырсыгына себепкер биздин жаран Чынгыз Анарбек уулу экендигине байланыштуу КР ИИМинин Москвадагы өкүлү Россиянын полиция кызматкерлери менен бир катар ыкчам тактоо жана аныктоо иш чараларын жүргүзүүгө катышты”, – деп билдирилет КР ИИМдин Москвадагы өкүлү тараткан билдирүүдө.

“Чынгыз Анарбек уулу тууралуу абдан көп маалыматтар текшерилди. Жашаган жери, мурда чогуу иштешкен кесиптештери жана жубайы менен да маектешүүлөр болду. Анын кандайдыр бир диний агымдарга, экстремисттик жана террористттик уюмдарга таптакыр тиешеси жоктугун далилдөөгө туура келди. Анткени, анын кандайдыр бир террактыларга байланышы бар дегендер да болбой койгон жок. Такси айдоодо кесиптик тажрыйбасынын аздыгы (3 ай гана такси кызматында иштеген), автоунаага күнүмдүк аренда төлөй турган акча каражатынын көптүгү, анан андан арткан акча каражаты менен үй бүлөөсүн багайын деген аракети аны күнү-түнү иштөөгө алып келгендиги жана анын чарчоодон көзү илинип кетип, жолдон чыгып кеткендигине себеп болгондугу маалым болду. Ал өзү тартиптүү, кең пейил экендигин аны билгендердин баары бир ооздон басым кылып белгилеп айтышты. Ал спорттук клубдарда машыгып, дүйнөлүк аренадагы спорттук мелдештерге да катышып жүргөндүгү маалым болду”, – дейт өкүл.

“Азыркы учурда бул жол кырсыгы боюнча Россиянын полиция кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Россия ИИМиндеги-Москвадагы өкүлү жергиликтүү полиция кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, жол кырсыгынын негизги себептерин аныктоодо кызматташуу иш аракеттерин үзгүлтүксүз көрүүдө ошондой эле биздин жаранга  ар тараптуу жардамдарды жана колдоолорду Москвадагы биздин Элчилик менен бирдикте жүргүзөбүз”, – деп айтылат КР ИИМинин Россиядагы өкүлүнүн атайын билдирүүсүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: