Өлкөдө жеке коргонуу каражаттары жетиштүү көлөмдө бар. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул маселе коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык оперативдүү штабдын күн тартибиндеги эң негизги маселелердин бири.
“Жеке коргонуу каражаттары тизмеге ылайык бардык региондорго убагында жеткирилип жатат. Алардын запасына мониторинг күн сайын жүргүзүлүп турат” – деп билдирди Аида Исмаилова.
“Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине көптөгөн гуманитардык жардам келип түшүүдө. Жеке коргонуучу каражаттардын региондорго бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалымат күнүгө алмаштырылып турат. Бул маалымат менен www.med.kg сайтынан таанышууга болот. Региондордогу медициналык уюмдардын жетекчилерине Саламаттыкты сактоо министрлигинин облус жана шаарларынын координаторлоруна жана ФОМСтун жетекчилерине бөлүнгөн жеке коргонуу каражаттарды өз убагында тиешелүү кызматкерлерге жеткирүү жоопкерчилиги жүктөлгөн” – деп кошумчалады вице-премьер-министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ