Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева кызматына кайра кайтат. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды. Ал 19-октябрдан тарта жумушун улантат.
Эскерте кетсек, Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева паракорчулукка каршы күрөшөм деп кызматынан ажыраганын айткан. Мындан тышкары ал “коррупцияга аралашкан” деп аталган мекеменин үч кызматкеринин аттарын да атаган.
Кошумчалай кетчү нерсе, Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ