Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын окумуштуулары, Улуттук Илимдер академиясынын академиги КР III даражадагы “Манас” орденинин ээси, эки жолу КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси жана көптөгөн Улуттук жана Эл аралык сыйлыктарынын ошондой эле, тарых илимдеринин доктору, профессор Плоских Владимир Михайловичти 80-жылдык мааракеси менен куттукташты. Бул туурасында Улуттук Илимдер академиясынын песс-кызматы маалымдады.
КР Улуттук Илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Жуматаев илимпоздун мыкты илимий эмгектеринен тышкары, окуучулар жана окурмандарга тарыхый окуяларды жана алардын маанисин түшүнүктүү, көркөм адабий тил аркылуу жеткире билет: “Владимир Михайлович – Илимдер академиясы кармана турган мамылардын бири”, – деп кошумчалады академик.
Юбилярга КР УИАнын бир катар илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери ыраазычылык билдирүү менен каалоо-тилектерин айтышты.
КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору Абылабек Асанканов В.Плоскихтин жашыруун архивдик документтер менен иштөөсүнүн негизинде көптөгөн мамлекеттик, коомдук ишмерлердин эмгектери, мисалга, Абдыкерим Сыдыков, Юсуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов ж.б. жөнүндө маалыматтар ачык-айкын болгондугун кошумчалады.
Салтанаттуу иш-чаранын акырында академик В.М.Плоских белек катары илимпоздор үчүн маанилүү болгон басылмаларды, өзгөчө уникалдуу баалуулуктарды, ондогон жылдар бою чогултулган көптөгөн сейрек басылмаларды камтыган илимий китепкананы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ