Музейдеги мумияны жерге кайтадан көмүүгө катыштыгы бар”- делген ызы-чуунун аркасында Түгөлбай Казаков маданият министирлигинен өз арызы менен кетүүгө аргасыз болду. Маданият министри болуп Элмира Сариева, Күмөндөр Абылов, Султан Раев дайындалат экен дегиче эле Президенттин аппарат жетекчисинин кенешчиси болуп, Алмазбек Атамбаевдин сөзүн жазып берип жүргөн Султан Жумагуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин профилдүү комитети бекиткени жарыя болду.
“Ак торпок” (Султан Жумагулов) деген псевдоним менен элге таанымал болгон мыкты журналистердин биринин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн эшиткен коомчулук аргасыз мыйыгынан жылмайып, өткөндү эске алып, “э-ээ кокуй, жинди сууга жакын, “белый горячкасы” бар неме кантээр экен” деп шыпшынууда.
Ак торпоктун суткалап жинди сууга чөмүлүп, дайынын таптырбай кетмейи бар экени жазмакерлер журтуна башынан маалым болсо да, анын атагын ай асманга чыгарып, жер дүңгүрөткөн окуясы КТРкнын баш директорлук кызматын ээлеп турганда болуп, так ошол жоругунан улам кызматынан кол жууганы белгилүү.
Өлө мас абалында самолетто чатак салып, Монгол президентин талап, Улан Баторго жеткенче тынчтык бербей беймаза кылганы, жеткенден кийин гостиницада турсийчен жүгүрүп, ресторанга кирип барып тополоң салып, столдорду кулатып, меймандарды беймаза кылганы, эртеси Монгол президенти кыргыз делегациясын делегация жетекчисиз кабыл алганы жергиликтүү ЖМКларда жетиштүү эле деңгээлде чагылдырылган (Султан Жумагулов делегация жетекчиси болгон, Монгол президенти аны келбесин деп, калган делегация мүчөлөрүн гана кабыл алган).
Ошол ызы-чуудан кийин кызматынан ажыраган “торпокту” президенттин аппараты кайрадан эле коюнуна батырып, ошондон бери Алмазбек Атамбаевдин сүйлөй турган сөздөрүн жазып, жакшы эле эмгектенип, эми мына минтип, акыбети кайтып, сиңирген эмгегинин үзүрүн көргөнү турат. “Сыныктан башканын баары жугуштуу”- демекчи, Ак торпок монгол президентин сүзгүлөп кызматтан кетсе, Алмазбек Атамбаев да кетээринде казак президентин сүзгүлөп жатат. Сүзүп өзүлөрүнүн мүйүздөрү сынса мейли эле го? Элди кыйнап, дүйнө жүзүнө шерменде болгонубуз жаман болуп атпайбы?
“Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт”- демекчи, президентибиз.. ушундай чечиптир, ийилчек фракция менен ЖК комитети “ляп-пай” деп турган кези. Бирок эмнегедир маданият тармагынын өкүлдөрү жымжырт. Түшүнүксүз. Же президентибиздин өзүм билемдиги менен көтөн зордугуна көнүп, моюн сунуп, маданиятыбыздын ушундай болушуна макул болушкандары белгисиз? Айтор, Ак торпокко салыштырмалуу Ак маралдай керилген Камила Талиева министр болгондо бөйрөгүн таянып, өкүрүп, ботодой боздогондордон дайын жок!
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ