Жогорку Кеңештин кечээ кызматынан кеткен басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына жаңы пост жарыялап, премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтарын акыл-эске чакырат.
“Жогорку Кеңеш бир аптанын ичинде эки спикер алмаштырды. Мыктыбек Юсупович менен төрт күн иштедим, жыйынтыгында мындай бийик жана терең адам менен кырк жыл деле иштей бермекмин деген ойго келдим. Бул киши спикерлик эле эмес, президенттик же аксакалдык деңгээлдеги инсан экен дегенге көзүм жетти.
Канатбек Кедейканович менен төрт саат иштедим, натыйжада бул кишинин жетекчилиги алдында бир минут да иштей албашымды түшүндүм. Кечээ, күтүүсүз өз каалоом менен отставкага кетип калышымдын себеби да ошондон эле.
Бирок, бүгүн спикер кетсин, үйүн өрттөйбүз деп аткандарга кайрылаар элем, мамлекеттибизди, адамгерчиликти сыйласаңыздар, Кудайдан корксоңуздар андайга барбаңыздар. Канатбек Кедейканович легитимдүү спикер, чыгаан саясатчы, ал да өлкө үчүн күйгөн инсан, өзүбүздүн атуул. Спикерди коркутуп кетирсеңиздер бүткүл дүйнөгө уят болобуз. Парламентаризм ушуну менен көмүлөт. Ынтымакка чакырам баарыңыздарды,” – деп жазат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ