Крымдын Керчь шаарындагы политехникалык колледждеги ок атуу менен жардыруудан жаракат алган беш киши комада жатат. Бул тууралуу “Россия 24” телеканалына саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова билдирди. Мындан тышкары учурда комада жалпы 10 киши жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 17-октябрда Керч шаарындагы политехникалык колледжде жарылуу жана ок атуу болгон. Окуя учурунда каза болгондордун саны 20га жеткен. Каза болгондордун көбүнчөсү өспүрүмдөр жана арасында окуу жайдын мугалимдери да бар. Мындан тышкары дагы 50дөй адам жаракат алган. Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач политехникалык колледжин ашканасында колго жасалган жардыруучу зат жарылганын кабарлаган. Бийлик бул окуяны Кылмыш кодексинин “теракт” эмес, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча иликтөөдө. Себеби, окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып өлтүргөнү да белгилүү. Кылмышка шектүүнүн ысымы аты аталган окуу жайдын төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков экени белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ