Бүгүн, 18-октябрда Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган Кишиневдеги маалымат жыйынында Молдованын президенти Игорь Додон сүйлөп жаткан маалда уктап калган. Бул тууралуу видеону Михаил Голуб аттуу блогер Twitter социалдык тармагында жарыялады.
“Додон Эрдоганды укатып койду”, – деп видеотасманын алдына жазып койгон блогер.
Режеп Таип Эрдоган Молдовага расмий сапар менен келген.
Эске салсак, бул Түркиянын ажосунун мамлекеттик жолугушуулар учурунда биринчи жолу уктап калышы эмес, буга чейин Эрдоган Украинанын президенти Пётр Порошенко менен сүйлөшүү учурунда дагы окшош окуя болгон.
Булак KүrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ