Menu

Либерал-демократ Равшан Жээнбеков КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкердигин көрсөттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-ноябрда КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1970-жылы 19-сентябрда туулган, убактылуу иштебеген Равшан Бабыркулович Жээнбеков арыз менен кайрылды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы расмий билдирди.

Аты эле эмес заты да либерал-демократ Равшан Жээнбеков бул кадамга 30 жылдан бери камданып келе жатканына коомчулук күбө. Боз ат минген отузга чыкпай жатып Президенттин жардамчысы, министр болгон Бабырбекович ал кездеги президенттин үй-бүлөсү менен тирешип, депутаттыкка аттанган.

2005-жылдагы революциянын бешиги Жалал-Абадга барып, бийликтен коркпостон элди төнкөрүшкө чакырып, Бишкекке чейин баштап келген. Андан кийин Бишкектин мэри, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматтарын аркалап жүрүп, АКШнын кадырлуу университеттеринин бирине окууга кеткен.

2010-жылы АКШдан кайтып келип, КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Ал тизмесине кирип депутаттыкка өткөн “Ата-Мекен” партиясы өз идеяларын сатып кеткен учурда да Равшан Жээнбеков өз принцибинен кайтпай, “Ата-Мекендин” курамынан чыгып, өз алдынча көз карандысыз депутат катары парламенттеги оппозициялык күрөшүн токтоткон эмес.

2015-жылдан тартып системдүү эмес оппозициялык фронтто күрөшүп, ал кездеги бийликтин канын ичти. Укук коргоо жаатында да өз жүзүн көрсөтө алды.

2019-жылы атамбаевчилер “бийликти күч менен басып алууга бизди чакырган” деп жалган жалаа жаап, каматып да жиберишти. Бирок “ак ийилет бирок сынбайт” дегендей атамбаевчилердин жалаасынан да кутулуп чыкты.

“Кыргызстанда түрмөгө отуруп чыкпаган саясатчы саясатчы эмес” деп коюшат, анын сыңарындай Равшан Жээнбеков түрмөнү да көрдү, сууну кечип, отту кармап, турмуштун бардык сыноолорунан өттү. Министр болду, депутат болду, элчи болду, эми бир эле максаты – Президенттик кызмат калды. Ак жол сага кыргыздын чыныгы либерал-демократы жана саясатта идея үчүн күрөшкөн Равшан Жээнбеков.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: