Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылындагы “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 2200 баш кою менен ашууда калып калган 8 чабан куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Сары-Кыр ашуусуна барган куткаруучулар чабандарды тамак-аш менен камсыздап, кечээ 22-октябрь күнү аларды мал жаны менен ашуудан аман-эсен алып өтүштү. Куткарылган чабандар Сузак районунун Курманбек айылындагы Үрүм-Баш тилкесине жеткирилди”,- деп билдирди.
18-октябрь күнү ашуудагы чабандарды куткаруу үчүн Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүнөн 3 куткаруучу, ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймагынан 3 кызматкер атайын унаалар менен жөнөтүлгөн.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ