Menu

Нарында эки жаран белгисиз жоголууда, көргөндөр барбы?

Бөлүшүү:

Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинде техникалык кызматкер болуп иштеген 52 жаштагы Кожошева Темиркул изделип жатат. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди. Алардын айтымында, ал 3-октябрда саат 07:30 чамасывда өзү жашаган үйүнөн жумушка чыгып кетип, кайра кайтып барган эмес. Учурда издөө иштери улантылып жатат. Көп өтпөй эле, Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын тургуну дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Кара-Күңгөй айылынын тургуну Назира Алиева милицияга кайрылып, жолдошу Болотбек Алыбеков үйдөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын маалымдаган. Назира Алиеванын айтымында, жолдошу 8-октябрь күнү үйдөн чыгып кеткен. Изделип жаткан Болотбек Алыбеков 1970-жылы Кочкор районувдагы Кара-Күңгөй айылында туулган. Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кыска, ак аралаган, эки көзүнүн ортосунда тырыгы бар. Психикалык жактан жабыркайт, 2-топтогу майып. Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим, боз түстөгү спорттук куртка, көк түстөгү шахмат көйнөк, бутунда кара бут кийим. Эгер Болотбек Алыбековду көргөндөр болсо төмөнкү телефон номуруна кабарлап коюуңуздарды өтүнөт. (0353) 55 02 79,070169 22 55

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: