Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда төрага Дастанбек Жумабеков үрөн жөнүндөгү талкууда “үрөн департаментине бюджеттен каражат бөлүнөт. Бирок өкмөт элди үрөн менен камсыз кыла албай жатат. Дыйкандар өздөрү сырттан үрөн алып келип өздөрү тигип жатышат. Дыйкандарга жардам көрсөтүлбөй эле. Кайсы элге кайсы урукту сунуштап жатасыздар?” – деп, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевге суроо салды.
“Жеке ишкерлерге үрөндүн түрлөрүн бөлүп берип иш алып баруудабыз.” – деп жооп берген Жаныбек Керималиевди төрага “калп айтпаңыз” деп сынга алды.
Учурда парламентте үрөн жөнүндө мыйзам талкууланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ