Өткөн жылы 90го жакын социалдык объект курулса, быйылкы жылы пландаштырылган 150 мектептин ордуна 165 объект ишке берилет. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон иш сапарында жаңы мектептин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
«Билим берүү тармагы – маанилүү тамактардын бири, аны өнүктүрүгө биз өзгөчө көңүл буруу менен жыл сайын 30 миллиард сом бөлүүдөбүз. Кыргыз калкы өз тарыхында көптөгөн катаал учурларды башынан өткөрдү. Бирок ага карабастан, биз чыңалып, ырааттуу өнүгүү жолуна түшө алдык. Бүгүн ушул мектеп сыяктуу заманбап объектилерди ачуу менен биз ага күбө болуудабыз. Эгерде өткөн жылы 90 жакын социалдык объект курулса, быйылкы жылы пландаштырылган 150 мектептин ордуна 165 объект ишке берилет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, курулуп жаткан окуу жайлары жаңы талаптарга жооп берет жана анын ар бирине интернет киргизилет.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ