– Айыл чарбаны оңой деп ойлобош керек. Бул абдан татаал тармак. Министрликке иштин көзүн билген киши барбаса болбойт. Айыл чарба министринин айыл чарба адистиги жок болсо кантип капаланбайсың? Нурбек Мурашев деген жигит Айыл чарба министрлигин башкарам деп элдин баарынын башын айлантып, шоруна калды. Ошондуктан эки сунушум бар: биринчиден, министрликтеги системаны түп-тамыры менен өзгөртүп, жакшыртуу керек. Экинчиден, министрликке айыл чарба адисин алып келүү зарыл. Мына ошондо 65 пайыз эли айылда жашаган өлкөнүн иши алдыга жылат деген ойдомун.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ