ИИМдин Каржы башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Ниязбеков кайрадан кызматка келди. Болгондо да 7-башкармалыктын башчылыгына. Кимдин жана эмненин күчү менен деген суроого жоопту гезитибиздин кийинки сандарынан беребиз.
Улан Ниязбеков 7-апрелдеги революциядан кийинки министр Болот-Шердин кадры. Анын кызматтан кетуусу да бир топ чуулгандуу окуялар менен коштолгон. Эсибизге жара чыкпаса, атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгы менен иштен алынган болуу керек. Архивди казып коруп, аны да тизмектеп беребиз буюрса. Бул жигит “Ата-Мекен” партиясына кызмат кылып, шайлоодо бир топ каражат короткону боюнча да маалыматыбыз бар. Учурда бул жигитти айрым маалымат булактары, “Кашкардын кошелөгу” – деп жазып чыгышты. Эми аны убакыт көрсөтөт.
Источник: Ачык Саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ