Бишкек шаарынын Абсамат Масалиев жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы бульвар курулат. Бул тууралуу кечээ, 27-октябрда шаардык муниципалитеттен билдиришти. Долбоорду “Бишкек башкы архитектура” ишканасынын адистери иштеп чыккан.
Бульвардын узундугу 720 метр, ал эми туурасы 130 метр, жалпы аянты 7, 36 гектарга жетет.
Айта кетсек, борбор калаанын түштүк тарабына 100 миң адамды батыра турган район куруу пландалып келген. Аталган бульвар дал ошол аймакка тиешелүү болмокчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ