Алты кишинин башын араң бириктирип, ага катын-бала, тага-жээнин кошуп атып, таптакыр пайдасы жок тамтаңдаган партия түзө сала, анысы «комадан» чыкпай жаткан заманда, алты айга жетпеген аралыкта бакыйган партияны түптөп, ал партия мамлекетте олуттуу маселелерди оң жагына чечүүгө дем кошуп аткандар бар.
Алсак, кадимки Канат Исаев мындай батыл кадамга 2015-жылы бара алган. Ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жаңы партия түптөөгө белсенип жатканын эшиттик. 2015-жылы кыска мөөнөттүн ичинде «Кыргызстан» партиясын марага жеткирген Канат Кедейканович, 2020-жылы бир топ мандатты бөктөрүп кетеринен шек жок. Эмне дейли, демилгеңизге дем кошулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө кылган аракетиңизднн акыбети кайтсын!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ