Ош облусунун Алай районунда айдоочу унаасы менен жардан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка карганда, кырсык 28-октябрга караган түнү Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 84-чакырымында болгон. Анда Гүлчө айылынын тургуну 56 жаштагы Ш.К өзүнүн “Honda Stream” автоунаасы менен Сары-Таштан айылына бара жаткан учурда рулга ээ боло албай бийиктиги 40- метр келген жардан унаасы менен кулап кеткен. Денесинен оор жаракат алган айдоочу ошол жерден каза болгон.
Учурда Алай РИИБи бул боюнча тиешелүү экспертизаларды дайындап, тактоо, иштерин жүргүзүп жатат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ