Бишкек шаарынын Октябрь районунун «аңкоо» соттору Мирзат Авазов менен Кайсын Абакиров «Азия Ньюс» гезитине каршы арыз берген Ахматбек Келдибековдун доосу боюнча 2 миллион сом айып пул салып коюшту. Бул – абсурд! Албетте, мындай жоруктар чөйрөдөгү кызыкчылыктарды көздөгөн адамдардын былыгы катары дагы бааланат. Менин баамымда, гезиттин башына адилетсиздиктин айынан мүшкүл түшүп турганын жогорку саясый элита, жадагалса президент Сооронбай Жээнбеков деле кабардар болду окшойт. Себеби, буга чейин сөз эркиндигин сүйүүчүлөр, көпчүлүк басылмалар «Азия Ньюстун» кыянаттык негизде 2 миллион сомго утулушуна кайдыгер карашкан жок. Жигердүү медиа айдыңы колдоп чыгышты. Эми бул башталышы… Юридикалык негиздерден алганда да гезиттин соттон утулушу, басмырланышы акылга сыйбай турат. Бул өңүттөн шаардык сотто адвокат Азиз Турдалиев менен филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов «ташка тамга баскандай» «Азия Ньюстун» ак экенин, кара күчтөрдүн курмандыгы болуп атканын далилдеп беришет. Бүгүнкүнүн талабы ушул! Кудай буюрса…
Асланбек Сартбаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ