Көп күндөн бери элдин бүйүрүн кызытып келе жаткан Жогорку Кеңештин төрагалыгы үчүн күрөшкө эртең чекит коюлат. Буга чейин коалициялык көпчүлүк эки талапкерди тең жалпы жыйынга алып чыгуу чечимине келген эле. Бүгүн, 19-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды жана жалпы жыйында кароону сунуштады. Ошентип эртең 20-апрелде булардын кимиси 61ден аз эмес депутаттын колдоосун тапса ошол спикер болуп шайланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ