Menu

УКМК: Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды өткөргөн канал аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасынын алкагында (жыйынтыгында) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды ташыган каналдар табылып жана Кыргыз Республикасынын Ички ичтер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) аскер кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын март айларында «Манас-аэропорту»  көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкери Кыргыз Республикасынын МЧК прапорщиги «М.Д.» Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, алардын документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.

УКМК чогултулткан материалдардын негизинде, Аскер прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329-(кызматтык жасалмачылык) жана 329-беренесинде (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: