Menu

Текебаев эми бийлик менен да, шайтан менен да кызматташат. Бирок…

Бөлүшүү:

Жакында эле «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөн чыккан лидери Өмүрбек Текебаев ЖМКлардын бирине берген маегинде, алдыда турган иштери, максаттары боюнча айтты: “Юридикалык жана саясий жактан реабилитация болгондон кийин мен өлкөдөгү саясий жашоого аралашам. Мен реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен да кызматташууга даярмын. Эгерде маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келе албасам мен аны шайлоочуларыма айтам. Өкмөт, парламент жана президент эмнеден ката кетирип жатканын көрсөтөм”- деди. Текебаев минтип айтканы менен ал шайлоочулары менен эсептешпейт деле. Буга чейин эсептешпеген саясатчы эми кайдан эсептешсин. Бийликте да эч кимге кызмат кылгысы келбейт. Жээнбековдорго акталагандан көп өтпөй тишин кайрап, оппозиция болоору күтүлүүдө. Бул анын табияты. 25 жылдан ашуун саясаттагы жасаган иштерин эске алганда, мындан кийин деле элге пайдасы аз болот. Жээнбековдор деле Текебаевди ары-бери актатып салбайт, көпкө созот. Анткени алдыда парламенттик шайлоо. Бийлик Текебаевди парламенттен көргүсү деле келбеси Эштекбайдын энөө баласына деле бештен белгилүү.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: