Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1958-жылы туулган, “Апрель” коомдук бирикмесинин төрагасы Бакыт Кушбекович Бакетаевден, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон арыз менен кайрылган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, 2020-жылдын 4-ноябрына карата КР БШКсына Кыргыз Республикасынын 5 жаранынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкерлигин койгон адамдардан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов) арыздар түшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ