Menu

Вице премьер-министр Замирбек Аскаров: “Санариптик инфраструктура калкты интеграциялайт”

Бөлүшүү:

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Астана шаарында  өткөн «Digital Bridge» Эл аралык инновациялык форумунун ишине катышы. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

“Санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн глобалдык тренддери жөнүндө” темасындагы панелдик дискуссиянын жүрүшүндө вице-премьер-министр белгилегендей, ал эки өлкөнүн программасын ишке ашыруудан санариптик интеграциялашууну күтүүдө.

“Кыргыздар жана казактар – бир эл. Биз бири-бирибизди сандар гана аркылуу эмес, биздин тилибиз аркылуу да түшүнүшө алабыз. Сиздерге белгилүү болгондой, инфраструктура муундарды жана аймактарды бириктирет. Эгерде биз бүгүн санариптик инфраструктураны ырааттуу түзө турган болсок, анын жыйынтыгында биздин програмалар элибизди бириктирет. Бул санариптештирүү үчүн бирдиктүү укуктук чөйрөнү түзүүгө да байланыштуу. Анда процесстерди формалдаштыруу да бирдиктүү болуп, программисттерге ыңгайлуу жана жеңил болот”,- деди Аскаров.

Маалымдама: «Digital Bridge» – тажрыйба алмашуу жана инновациялык чечимдер, ошондой эле Борбордук Азия жана дүйнө аралык санариптик көпүрө түзүү максатындагы жыл сайын өтүүчү форум. Быйылкы жылы иш-чарага ар кыл өлкөлөрдүн маанилүү мамлекеттик секторунан, эл аралык ИТ-коомчулуктан өкүлдөр, технология жаатындагы эксперттер, ишкана жетекчилери, окумуштуулар, ошондой эле 25 ашуун өлкөдөн венчурдук инвесторлор катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: