7-ноябрда Тажикстандын Худжанд шаарындагы абакта чыккан көтөрүлүштөн жалпы 27 киши көз жумду. Бул тууралуу Golosislama сайты жазып чыкты.
Окуя 8-ноябрга караган түнү Тажикстандын түндүк тарабындагы Согдий облусундагы 16-кичи райондо жайгашкан № 3 абакта болгон. Окуянын жыйынтыгында 27 киши көз жумуп, 100 киши оор жаракаттарды алышкан.
Мындан тышкары көтөрүлүштү басуу үчүн тартылган бир нече күзөтчү оор жаракаттарды алышкан. Учурда 2 күзөтчү каза болуп, 6су дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканы белгилүү болду.
Бул көтөрүлүш абакта отурган бир нече адамдын качып кетүү максатында чыгарылганын айтышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ