Былтыр да Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаттары мэрди шайлай албай тарап кеткен. Быйыл 28-майда кайра шайлоо болуп көпчүлүгү баягы эле бири-бирин кодулаган депутаттар келиптир. Муну айткан себебим дагы эле эски оорудан арыла албай элди кыжаалат кылып жатышат. Мурдагыдай эле аркан тартышты улантышып кайрадан мэрди шайлай албагандай абал жаралды. Коалицияга кирбей калган “Ата Журт” менен “Өнүгүүнүн” депутаттары кайсалактап каршылык көрсөтүп турган кези.
Тилекке каршы убакыт деген өтүп мэриянын бюджети бекемделбей ара жолдо калышты. Деги мындай депутаттардын кимге зарылдыгы бар? Бөлүп-жаргандарды шайлаган бизде да күнөө бар. Негизи Салайдин Авазовдун ишке жөндөмү, жоопкерчиликти сезе билүүсү тигилердин жинин кашайтып жаткан шекилди. Аларга колун бооруна алып “ляппай” деген бирөө керек окшойт. Азыр да көпчүлүк кыжаалат болгон кез. Эгерде мэр шайланбай калса кайра шайлоо болот. Ага далай каражат жумшалат. Эмнеси болсо да акыл-эстүү депутаттар бар болсо маселе эбак оң жагына чечилмек.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ