Өкмөттүн чечимине ылайык коррупционерлерден өндүрүлүп алынган каражаттардын 30%ы, тагыраагы 100 млн сом прокуратура органдарынын кызматкерлерине бөлүнүп берилди. Көрсөтүлгөн сумманын 91 млн сому оор шартта жашаган кызматкерлерге турак жай куруп берүү үчүн бөлүндү.
Анын ичинен 44 млн 400 миң сому Нарын облусуна, 42 млн 600 миң сом Баткен облусуна, 2 млн сом Талас, 2 млн сом Жалал-Абад облусуна каралган. Ошондой эле турак жайлардын курулушу 2018-жылдын аягына чейин бүтүшү пландалууда.
Бул боюнча тиешелүү келишимдер түзүлүп, учурда курулуш иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ