Menu

Жылдыз Абдыкадырова: “70 миң сомдук коляскага суроо-талап күч”

Бөлүшүү:

Жылдыз Абдыкадырова “Балдар дүйнөсү” (“Детский мир”) дүкөнүндө администратор болуп иштейт. Азыркы (акыр замандын) балдар кандай оюнчук менен ойноп, кандай оюнчуктарга ынтызар экенин айтып, өзү бош убактысында эркектер менен топ тебише турганын, андан кийин бешбармактын катыгын берерин кошумчалай отурду.

– Жылдыз, балдар дүкөнүнүн администратору эмне жумуш кылат, кайсы иштерди көзөмөлдөйт?

– 2400 чарчы метрде жайгашкан балдардын оюнчуктары, кийим-кечелери сатылчу бир бөлүмдө кыбыр эткендердин баары менин мойнума жүктөлгөн. Кардарлар менен иштөө, андагы сатуучулардын иш күнүн жөнгө салуу, көзөмөл кылуу, сырттан келген товарлардын дал келүүчү сертификатын текшерүү, деги койчу жумуш жетиштүү.

– Товарлар кайдан келет?

– Көбүнчө Россия, Белоруссия, Италия, Түркия, Таиланд, Кытай мамлекеттеринен келет. Кытай десе эле жанагы көчөдө сатып аткан арзан баадагы бир күнгө чыдабай сынып калган оюнчуктар эмес, атайын сертификаты бар, сапаттуу, балдардын ден соолугуна тескери таасир тийгизбеген оюнчуктар.

– Бала чакта ким болом деп кыялданчу элең?

– Мектепте окуп жүргөндө өзүм теңдүү кыздардан боюм узун болгондуктан модель болом деп кыялдангам. Бирок анын аркасынан сая түшкөн жокмун. Чыгынып барганга да убакыт болбоду. Ошентсе да келбетим, турган-турпатым топмоделге жакындашып аткандан кийин өзүмдү сынап көрүү али кеч эмес деп ойлойм.

– ХХI кылымдын балдары кандай оюнчуктарга кызыгып, эмне менен ойношот?

– Кыздар көбүнчө “Эвер Хай”, “Монстер Хай” мультиктердин персонаждарынан жасалган америкалык бренд куурчактарга кызыгып ойношсо, балдар герас суктер, аккумуляторлуу машине, электромобилдер, квадрокоптер менен кызыгып ойноп атышат.

– Сен атап кеткен оюнчуктардын орточо баалары канча?

– “Монстер Хай” куурчактарынын бою бир карыш болгону менен баасы эки миң сомдон жогору турат. Эки дөңгөлөктүү герас скутердин баасы 18 миң сомдон жогору, квадрокоптердики ар кандай: төрт миң сомдугу бар, эң мыктысы 70 миң. Электромобил 10-20 миң сомдун тегереги.

– Ушундай кымбат оюнчуктарды алган бирөө-жарым бар бекен же эч ким албай эле жыйылып турабы?

– Салыштырмалуу башка өлкөлөргө караганда биздин ата-энелерибиз балдарынан эч нерсе аябай алып беришет. Жадагалса 70 миң сомдук коляска бизде турбай калды. Күнү келсе күнү сатылып кетет.

– И-ий айланайын, ал эмне деген коляска? Баланы өзү багып, өзү уктатып, өзү тамактандырабы?

– Илгери үйгө келген конокту кийген кийимине карап баа берип койчу эмес беле. Азыр кымбат баалуу коляскасына карап аныктап калышыптыр. Жөн эле кымбат эмес анын ыңгайлуулуктары абдан көп.

– Демек, сен иштеген дүкөндө колунда бар гана адамдар үчүн балдар буюмдары сатылат турбайбы?

— Андай деп деле айтпайм. Бизде үч катмардын адамдары үчүн: төмөнкү, ортоңку жана жогорку. Дүкөнүбүзгө келген баардык кардарлар өздөрү үчүн эң кызыктуу, баасы төп келген буюмдарды сатып алып кете алат, куру кол чыкпайт.

– А өзүң бала кезде ушундай оюнчуктарды элестете алчу белең?

– Үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сары-Камыштын мен курактуу кыздары кадимки эле чоймо менен секирип ойночубуз. Чоймо жок калганда колготкимди жыртып жиберип оюнга колдонуп, аны апам билип калбаса экен деп жаздыктын алдына каткан далай күндөр өттү.

– Чын-чынына келгенде айылда ойногонго да убакыт болчу эмес да…

– Ооба, үйгө суу ташып, мал-жанды жайлап, кой кайтарып, кээде бошой калганда эркек балдар менен футбол ойноп, чүкө атышып, балдарга жакын болчумун. Оюндан чыр чыгып кетсе кызыл чеке мушташа кетчүмүн. Далайын сабап, далайынан таяк жедим. Азыр да футбол ойноп жүрөм. Ар бир ишемби күндөрү жалаң балдар жалгыз кыз болуп топ тебишебиз.

– Балдар бар жерде кызалаңдап сөгүнүп кетишет да…

– Сөгүнгөндү мен деле билем дечи, бирок оюндагы балдар мени сыйлашат.

– Атаандаштын дарбазасына топ киргизесиңби?

– Бир оюнда болбоду дегенде эки же үч гол киргизем. Ансыз өзүмө-өзүм алымсынбай калам. Кээде дарбазачы менен жекеме-жеке чыкканда “Жылдыз келата-ат! Где зашита?!” деп кыйкырып далбас уруп чыйпылыктап кетет. Андай учурду колдон чыгарбай сөзсүз киргизем.

– Топ тепкен балдардын ичинде сага “кыз-жигит болуп албайлыбы?” деп сөз айтып жүргөндөр барбы?

– Алар биздин кесиптештер болгондуктан субординацияны сактайбыз.

Жүрөгүңө эч ким сүйүү отун тамыза элекпи?

– Айылда бала кезде бирге чоңойгон азыркыга чейин сөз айтып жүргөн бирөө бар. Мен ага “жаштык кезди текке кетирбей иштейли, жашоодо өз ордубузду табалы. Мүмкүн кийинчерээк башка бирөөнү жактырып каласың, мен башканы жактырып калам…” деп атам.

– Ишиң ошончолук кызыкпы, аны турмушка чыгып алып деле иштей берсе болот да?

– Иш абдан кызык. Кол алдымдагы 25-30 адам менен таң эрте жакшы маанайда амандашып, иш-планын бирге түзүп, алар менен бир үй-бүлөдөй камыр-жумур аралашасың. Кечинде баары менен жакшы маанайда амандыктарын тилеп кош айтышасың..

– Кайсы тамакты катыра жасайсың?

– Эт асып, кыргыздын бешбармагын жасайм. Болгону камыр жууругандын ордуна даяр кесмени салам. Чоң апам “кызым этсиреп калды го” деп бир салым жылкынын этин карын-карта, чучугу менен берип ийет. Маз-засын чыгара бышырып жегенче шашам.

– Шилекейди агыздың го, чунак кыз. Андан берки бош убактыңды айтчы?

– Бийге барам. Азыр “танец живота” деп мода болуп кетпедиби, ошо бийлерди үйрөнүп атам. Мектепте окуп жүргөндө бий ийримине катышып жүрчүмүн. Ошонун пайдасы тийип атат.

– “Мен ушу оюнчукту бир күн мурун эле алдым эле. Үйгө барып балам жарым саат ойногондон кийин сынып калды. Жаңысын бергиле же акчасын кайтаргыла” деп келген кардарларга кандай мамиле кыласыңар?

– Биз оюнчукту карап көрөбүз. Эгер заводдон кеткен брак болсо башка оюнчукка алмаштырып же акчасын кайтарып беребиз. Бала өзү күч колдонуу менен сындырып алган болсо, анда ал товар алмашылбайт жана акчасы да берилбейт. Болгону биздин оңдоп-түзөй турган адисттерибиздин колунан келе турган жумуш болсо калыбына келтиргенге аракет кылат.

– Кассириңер акчаны кем же ашыкча алып койсо ага кандай чара көрөсүңөр?

– Кем алып калса өзү жооп берет. Жетпеген акчаны төлөйт. Ашыкча алып койгон болсо, кардарга кайтарып берүү аракетин кылабыз. Анткени ар бир кассанын жанында видео коюлган. Тасманы артка түрө коюп карап, аныктыгы билингенден кийин кечирим сурап “иттик бизден кетти” деш биздин милдет.

– Кол алдыңдагылардын кимисине кандай жаза колдонуп, кимисине тескерисинче сыйлыктар каралат, деги ошондой нерсе барбы?

– Бар. Кимде-ким жумуш ордунда себепсиз жок болуп же келбей калган жана иш учурунда башка нерсе менен алаксып, телефон чукулап отурса алгач эскертүү берилип, андан кийин жумуштан четтетилет. Ошол эле учурда ишине тыкан, кардарлар менен элпек, маданияттуу мамиле кылып, жумушка кечикпей келгендерге жетекчиликтин атынан ар тараптан колдоого алынып, сыйлыктар каралат.

Өздүк анкетасы

Айылы – Сары-Камыш

Жашы – 21

Бою – 175 см.

Салмагы – 61 кг.

Параметри – 93-65-88

Эңсеп жеген тамагы – бешбармак

Суусундугу – булактын суусу

Бош убактысында – бийлейт, топ ойнойт

Колдонгон косметикасы – Mary Kay компаниясы

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ     

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: