Бишкекте жаш кыз көпүрөдөн Чоң-Чүй каналынын суусуна секирип түшүп, агып өлгүсү келген. Аны шаардык милиция бөлүмүнүн №5-участогунун кызматкерлери сактап калышкан. Бул тууралуу шаардык ИИМин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя бүгүн, 14-ноябрда түшкү саат 13.35 чамаларында болгон. Милициянын «102» номуруна Жаш Гвардия проспектиси менен ЧЧКнын кесилишиндеги көпүрөдөн бир жаш кыз секиргени жатканы жөнүндө кабар түшкөн. Ага жардамга улук лейтенант Шайырбек Усупбаев жана кенже лейтенант Азамат Урманбетов жетип барышкан. Алар көрсөтүлгөн жерге барганда кыз сууга секирүүгө үлгүргөн, укук коргоочулар анын артынан сууга секирип кирип, аны сактап калышкан.
Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын бул кадамга эмне себептен барганы азырынча белгисиз.
Шайырбек Усупбаев жана Азамат Урманбетов
Эске салсак, жакында эле «Шумкар» полкунун кызматкери көпүрөдөн секирип, асынууга аракет кылган кызды өлүмдөн алып алган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ