Menu

Беловодск айылында жолдон өтүп бара жаткан адамдан акча сурап, ал орой жооп бергени үчүн бычак сайган. Шектүү кармалган

Бөлүшүү:

Беловодск айылында жолдон өтүп бараткан адамдан акча сурап, ал орой жооп бергени үчүн бычак сайган. Шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-ноябрда Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде тергөө ыкчам тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканада жаткан эркек киши 48 жаштагы А.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектелип, Нарын облусунда туулуп өскөн 38 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуя, пикир келишпестиктен келип чыкканы маалым болгон. Анда Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринен шектүү жаран мас абалында жолдон өтүп бараткан эркек кишиден акча сурап, андан орой жооп алгандыктан ага бычак сайып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

Алган жаракатынан улам 16-ноябрь күнү эсине келбей жабырлануучу аймактык ооруканын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон.

Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: