Menu

Европа Биримдиги Кыргызстанга июль айында төлөнчү айлык маяна, пенсия жана жөлөкпулдарга деп 24,8 млн евро грант берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-июлда Европа Биримдиги КР өкмөттүн казыналык эсебине бюджетти колдоо жана COVID-19 менен күрөшүү үчүн грант түрүндө 24,8 миллион евро которду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Грант билим берүү жана социалдык коргоо секторун бюджеттик колдоо үчүн багытталган. ЕБ жардамынын максаты – бюджеттин тартыштыгын азайтуу болуп саналат.

Гранттык каражат менен төмөндөгүлөрдү каржылоо пландаштырылууда:

1. ММК фондунун 230 медициналык мекемесин каржылоо үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 1 миллиард 346 миллион сом суммасында трансферттер.

– COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга жардам көрсөткөн ММК фондунун медициналык кызматкерине төлөнгөн эмгек акы – 71 631, (2020-жылдын июль айында) жалпысынан 490 миллион сом,

– медициналык жабдууларды сатып алуу, дезинфекциялоо иш-чаралары жана атайын коргоочу кийимдерди сатып алуу – 640,9 млн сом.

– дары-дармектерди жана медициналык аппараттарды сатып алуу – 205,4 млн сом,

– азык-түлүк сатып алуу – 5,7 млн. сом;

– инсулин жана инсулин камтыган препараттарды сатып алууга – 4 млн. сом.

2. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга жардам көрсөткөн 7 472 медициналык кызматкердин эмгек акысын төлөө үчүн (2020-жылдын июль айында) жалпы 57,5 ​​миллион сом.

3. Калкка социалдык жардам үчүн жөлөкпулдарды төлөө үчүн 210 835 адамга (2020-жылдын июль айында) – 387 млн. сом.

4. 30 684 пенсионерге пенсияларды төлөө үчүн Социалдык фонддун бюджетине которуулар – 178,4 млн. сом.

5. КР Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелеринин 17915 кызматкерине эмгек акыларын өз убагында төлөп берүү үчүн (2020-жылдын июль айына) 137,1 млн. сом жана окуу китептерин сатып алууга – 69 млн. сом.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: