Статистика боюнча, Кыргызстандын аймагында жашаган ар бир бешинчи аял боюнан алдырган. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалым болду.
Үй-бүлө курууну пландаганды билбеген, же болбосо, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууну каалабаган аялдардын санынын көбөйүшүнөн улам бойдон алдыруу көрсөткүчү жогорулап, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө 2017-жылы эле 19 500 аял боюнан алдырган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө бир жылда 22 миллионго жакын бойдон алдыруу болот. Аялдардын бойдон алдырууга баруусу негизинен, алардын үй-бүлө курууну каалабаганыгы менен түшүндүрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ