Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы, мындан ары – ЭККМК) Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Токтогул районунда “К.Ш.” деген жаран башкарып бараткан “МАН” маркасындагы автоунааны кармашты. Ага өзгөчө баалуу болгон бактар, тагыраак айтканда, грек жаңгагынын уюктары жана грек жаңгагынан кесилген тактайлар жүктөлгөн экен. Бул тууралу ЭККМКнин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, республикабыздын аймагында 2030–жылга чейин өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга, өстүрбөй зыян келтирүүгө, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого тыюу салынып жатат.
Ушул жылдын 23-ноябрында ЭККМК чогулткан материалдар боюнча Токтогул районунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 279-1-беренесинде каралган (өзгөчө баалуу дарактарды мыйзамсыз кыюу) кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ