Пара алып жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун бсары Азимкан Жусубалиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Ага ылайык, Азимкан Жусубалиев 2019-жылдын 21-январына чейин камакка алынды.
Эске салсак, Азимкан Жусубалиев 5-декабрда 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Пара Эпкин-Дыйкан, Башкууганды автожолунун 89,5-159,2-чакырымдарындагы тилкени оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлө турган тендердин жыйынтыгы бир белгилүү ишкананын пайдасына чечилиши үчүн берилген. Ошол тендердик комиссияны жетектеген министрдин орун басары А.Жусубалиев жең ичинен сүйлөшүп, чет элдик ишкананын кызыкчылыгын коргоо үчүн пара алган делип шектелүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ